Токмокто 61 жаштагы киши алдамчыларга 2 тонна балыгын алдырып жиберген

Токмокто эркек киши 61 жаштагы ишкердин 1,7 тонна балыгын алдап алып кетип, из жашырган. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

17-мартта тартип сакчыларына 61 жаштагы Л. Х. аттуу жаран кайрылып, Н. Б. жана Н. А. аттуу адамдарга чара көрүүнү суранган.

«2023-жылдын январь айында экспорттойбуз деп 1,7 тонна балыкты алып, ошол тейден из жашырышкан. Мындан улам ишкер 621 миң сомдук чыгымга учураган», — деп айтылган маалыматта.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен иш козголгон.

«1988-жылы туулган Н. Б. аттуу жаран жашырынып жүргөн жеринен убактылуу камак жайына алып келинди. Тергөө учурунда анын Токмок шаарында дагы бир канча алдамчылык кылып, ага иш козголгону маалым болду», — деп билдиришти.

Милициядан тергөө уланып жатканын кошумчалашты.

Related posts

Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунда бир катар мектептерди ачты

admin

Тоолуу райондордо кар жаайт. 2-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

admin

Ташиев: «Матраимовдун моюнуна 200 миллион доллар «илинген»

admin

Комментарий