Токмокто жип ийрүү фабрикасы жанданып, Ысык-Атада тери завод курулат

Жүндү жана терини кайра иштетүү тармагы жандандырыларын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда жүн менен терини кайра иштетүүдө олуттуу көйгөйлөр бар. Маселени чечүү максатында Токмоктогу «Касиет» нооту жип ийрүү фабрикасын жандандырып, кайра ишке киргизүүгө 913,5 миллион сом каралууда. Ошону менен катар уяң жүндү кайра иштетүү үчүн меринос койлорунун санын көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

«Азыр союлган малдын териси жараксыз абалда калып, колдонулбай ыргытылууда. Көйгөйдү чечүү үчүн Ысык-Ата районунда ири тери заводу курулат. Учурда бул долбоорду ишке ашыруу алдында турабыз», — деп кошумчалады Төрөбаев.

Related posts

КР УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз тартып алуу фактысы аныкталды

admin

Аламүдүндө кездеме сактоочу кампада ири өрт чыкты 

admin

Төрага Нурланбек Шакиев депутаттар жаңы кабыл алган желектин иллюстрациясы менен бөлүштү

admin

Комментарий