Тоолорго кар түшөт! Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт 

Кыргызстандын аймагында 17-апрелде аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-18-апрелдерде абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 5…10°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 8…13°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6° жылуу, айрым жерлерде 0…-2° үшүк, күндүз 6…11°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 1…6° жылуу, айрым жерлерде -1…-3° үшүк, күндүз 6…11° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -1…-3° үшүк, күндүз 3…8° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт.

Мындай катуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

Related posts

21-апрелге карата аба ырайы

admin

Чүйдө 40 миң доллар талап кылууга шектелген блогер психиатриялык ооруканага жаткырылат

admin

COVID-19. Кыргызстанда кайрадан бет кап тагынуу сунушталды

admin

Комментарий