Тоолуу аймактарда жаан жаайт. Кыргызстанда 8-августка карата күтүлгөн аба ырайы

 Бүгүн, 8-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Талас облусунда +25…+30, Баткен облусунда +31…+36, Ош, Жалал-Абад облустарында +31…+36, Ысык-Көл облусунда +22…+27, Нарын облусунда +23…+28 градус болушу күтүлүүдө.

Ал эми Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы +29…+31° жылуу болушу күтүлөт.

Related posts

«Ар бир малдан 100 сомдон алышат экен». Жанар Акаев Ветеринардык кызматтагы коррупция жөнүндө

admin

Бишкектен Орусия жана Европага баңгизат ташууга шектүүлөр кармалды 

admin

Садыр Жапаров балбан кыздарды жеңиштери менен куттуктады 

admin

Комментарий