«Торугарт» жана «Эркеч-Там» өткөрүү пункттары 3 күнгө жабык болот

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркеч-Там» өткөрүү пункттары 3 күнгө жабык болот. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. 

«Кытайда Жаз майрамы белгиленип, буга байланыштуу 29-январдан 31-январга чейин аталган эки өткөрүү пункту убактылуу жабылат. Чек ара 1-февралдан тарта ачылып, өткөрүү бекеттер кадимки тартипте иштейт», — деп кабарлайт Чек ара кызматы.

Related posts

Москвадагы жарылуудан аскер жетекчиси жана анын жардамчысы көз жумду

admin

Садыр Жапаровду Казань шаарында кандай тосуп алышты? (сүрөт)

admin

Күндүз Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы нөлдөн жогору болот – 18-декабрга карата аба ырайы

admin

Комментарий