Тоңдо мал издеп жүргөн жаранды төшкө атып кетишти

28-январда милицияга Балыкчы шаардык ооруканасынан чалуу түшкөн. Себеби ооруканага 1982-жылы туулган Тоӊ районунун Боз-Бармак участогунун тургуну суунун жээгинде мал издеп жүргөн жеринен белгисиз адам тарабынан белгисиз курал менен төшүнө ок тийгени айтылган. Аталган маалымат Балыкчы ШИИБге катталып, аймактык караштуулугу боюнча Тоӊ РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жиберилген.

Бул окуя боюнча жогорудагы кылмыштын бетин ачуу максатында көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Тоң РИИБдин Көк-Мойнок айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган кылмыш окуясына шектүү катары 1989-жылы туулган Балыкчы шаарынын тургунун кармашкан. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, окуяга тиешелүү болгон далил зат катары ТИР атуучу белгисиз маркадагы курал жарагы алынып Тоӊ РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Азыркы учурда жабырлануучуга карата тиешелүү экспертизалар дайындалып, тийиштүү мекемелерге жиберилди.

Related posts

УКМК: Кыргызстанда жашыруун диний уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынды 

admin

Ажылык-2024: Кыргызстанга 6060 квота бөлүндү

admin

Кыргызстанга Казакстан Мажилисинин төрагасы расмий сапар менен келди

admin

Комментарий