АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленский Америка менен Украинанын ортосундагы ресурстук келишимден баш тартууга ниеттенип жатканын айтты. Бул туурасында Рейтер агенттигине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
«Президент Дональд Трамп Зеленский өтө маанилүү минералдык байлыктар боюнча келишимден баш тартууга ниет кылып жатканын билдирди», — деп айтылат анда.
АКШ лидери эгер макулдашуу түзүүдөн качса Зеленскийди алдыда «чоң көйгөй» күтүп турганын эскертти. Трамптын айтымында, Киев режиминин жетекчиси өлкө НАТОго кире албай турганын түшүнүп туруп эле альянска кошулууга аракет кылып жатат.
Буга чейин Жогорку Раданын депутаты Ярослав Железняк АКШ сунуштаган украин кен байлыктары боюнча жаңы долбоор Киевге пайдалуу эместигин айткан эле. Ал документте Кошмо Штаттардын мунай жана газды кошкондо бардык жаратылыш байлыктарынын колдонуусунда Украинага эч кандай кепилдик каралбай калганын белгилеген.
Зеленский Американы келишимдин шарттарын өзгөртүп жиберди деп күнөөлөгөн. Мындан сырткары, Вашингтон мурдараак берген жардамды карыз деп эсептөөдөн баш тарткан.
28-февралда Зеленский Трамп, вице-президент Жэй Ди Венс менен жолугуп, пайдалуу кен байлыктар боюнча келишимге кол коюлмак. АКШ лидери Киев режиминин башчысынан согуш отун өчүрүүгө макул болууну жана Россия президенти Владимир Путинди сындай берүүнү токтотууну талап кылган. Бирок сүйлөшүү кайым айтышууга айланып кеткен. Ири ЖМКлардын бир тобу Трамп аны «кууп чыкты» деп жазышты. Дүйнөгө дүң болгон бул окуядан кийин келишимдин түзүлүшү үзгүлтүккө учураган.
Кийинчерээк Зеленскийдин расмий сайтында 11-мартта болгон эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен кабыл алынган комюникеде Америка менен Киев режими украиналык минералдык байлыктарды иштетүү боюнча кенен макулдашуу түзүүнү сүйлөшкөндөрү айтылган эле.