Туман каптайт. 19-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы 

Кыргызгидромет борбору бүгүн, 19-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +2…+7, Талас облусунда +3…+8 Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10, Ысык-Көл облусунда +1…+6, Нарын облусунда -4…-9 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +4…+6 градуска жетет.

Related posts

Жаан-чачын күтүлбөйт. 16-январга карата аба-ырайы

admin

Президент Садыр Жапаровдун Карылар күнүнө карата куттуктоосу

admin

Ош шаарында 18 жерде көмүр сатылып жатат (дареги)

admin

Комментарий