Россияда Украина менен согуш деп аталган атайын аскердик операцияга катышкандардын аялдары Борбор Азиядан келген мигранттарды фронтко жөнөтүүнү, күйөөлөрүн мекенине кайтарууну сунушташты. Бул 2023-жылдын сентябрында Иркутск шаарында болгон.
Декабрда Подмосковьедеги көп кабаттуу үйлөрдүн бирине «Кошунаң мигрант болсо — аскер комиссариатына чал» деген плакат илинген.
Согуш башталгандан бери Борбордук Азиядан барган мигранттар, айрыкча орус жарандыгы бар жарандар аскер комиссариаттары үчүн согуш башталгандан бери эле бир мүмкүнчүлүк катары каралып келишет. Бирок бул жылы, ЖМКлар менен укук коргоо уюмдарынын маалыматы боюнча, мигранттар жеке жалдоо аракеттерине эле эмес, системалуу «рейддерге» туш боло башташты.
Аймактардагы жана ири шаарлардагы күч түзүмдөрү негизинен жалган шылтоо менен мигранттарды кармап, анан активдүү «иштеп чыгууну» башташат. Орус паспортун алууга үлгүргөндөр эгер Украинадагы согушка барууга макул болсо, ири акчалай сыйлык убада кылынат. Эгер андай болбой калса, коркутуп-үркүтүү, атүгүл шантаж да башталат.
Орус жарандыгы жок мигранттарды тездетилген натуралдаштыруу жол-жобосун убада кылып, ыктыярчы катары келишимге кол коюуга көндүрүшөт.
Ар кандай, атүгүл административдик укук бузуулар үчүн кармалгандарды, эгер алар согушка баргысы келбесе, түрмөгө камоону айтып коркутушат. Көбүнчө аларга юристтер менен эле эмес, туугандары менен да сүйлөшүүгө тыюу салынат.
Бул үчүн өз мекенинде кылмыш иши козголоруна карабастан, кээ бирөөлөр макул болушат.
«Бул сенин согушуң эмес”
Адилет 23 жашта, Ош облусунун Араван районунун тургуну. Фамилиясын атап, жүзүн көрсөтүүдөн таптакыр баш тартты.
«Мен Москвага 2022-жылдын ноябрында келгем. Буга чейин мобилизация жарыяланып, орус жигиттери Кыргызстанга качып кетишкен, мен болсо, тескерисинче, Россияга баргам. Акча керек болчу. Шашылыш жана көп. Апам ооруп калды. Мен үйдө деле кайда иштей турганымды билчүмүн, анткени көптөн бери Россияда жашап, орус жарандыгын алган туугандарым бар. Ошондуктан, жумушка орношууда эч кандай көйгөй болгон жок. Бирок ошол бир жарым жылдын ичинде мени беш жолу согушка тартууга аракет кылышты. Кем эмес. Мен ал тургай бир-эки ирет кетип да кала жаздадым», – деп билдирди Адилет.
Азыр Москвадагы мигранттарга жеңил эмес — Биздин маектешибиз мойнуна алды.
«Ар дайым эле жеңил эмес болчу, бирок, «Крокустагы» террордук чабуулдан кийин өзгөчө кыйын болуп калды. Согушка кетип калам деп ар дайым эле күтүп калат экенсиң. Бирок бул биздин согуш эмес да», – деп баса белгилейт Адилет.
Бексултан Азизов Россияга жаңы эле барганда, согуш баштала электе эле, жарандык алгысы келген.
«Россияда орус паспорту менен жашоо кыргыз паспорту менен жашаганга окшобойт эмеспи. Көбүрөөк укуктар болот. Бирок, уруш башталгандан кийин, мага эч кандай жарандыктын кереги жок болуп калды. Аскер комиссариатынын бири менен сүйлөшүүлөр болду. Эгер мен ыктыярчы катары келишим түзсөм, эч кандай көйгөйсүз тез эле паспорт жасалат деп айтышкан. Мен аялым менен сүйлөшүп, бирок ал мындай кандуу жарандык алуунун таптакыр кереги жок экенин айтты. Кийин Кыргызстанга дагы бара албай калабыз да, анткени, жалданма болуп калсаң, үй камагына отурасың», – дейт Бексултан.
РФ ИИМинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын алгачкы алты айында Кыргызстандын жарандарынын Россияга агымы 45 пайызга өскөн.
Россия тарапта жалпы канча мигрант согушта жүргөнү белгисиз.
Кыргызстандын Россиядагы консулу Манас Жолдошбеков 24.kg маалымат агенттигине азыр Россия Федерациясында орус жарандыгы бар кыргыз жарандарына чакыруу кагазы келип жаткандыгын тастыктады, бирок орус паспорту жок мигранттарды фронтко алып кетпейт деп ишендирди.
«Россия аларды өз жарандары катары (орус паспорту бар кыргызстандыктарды – 24.kg) карап жатат. Бирок, эгерде мигрант РФнын жараны болбосо, КР гана жараны болсо, анда ал чакырылбайт. Орус паспорту жок жараныбызды фронтко чакырган учурлар катталган жок. Өз ыктыяры менен барган учурлар бар», – деди дипломат.
Чет элдик согушка катышкандыгы үчүн өз жарандарына кылмыш жоопкерчилигин эскертпеген Борбор Азиядагы жалгыз өлкө – Тажикстан.
Кыргызстанда болсо жалданмачылык үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Үйдө күтүп жатканда
Эмгек миграциясы – бул табигый процесс. Россия чындыгында эле акыркы убакка чейин кыргызстандыктар үчүн жагымдуу өлкө болуп келген. Демографиялык көйгөйлөрдөн улам ал жерде жумушчу колдун жетишсиздиги байкалат. Көпчүлүгү отурукташып, үй-бүлөлөрүн көчүрүп барып, Россиянын жарандыгын алышкан, бирок Украинада согуш башталгандан кийин, Россиядагы бийлик жаңы жарандарга укуктардан тышкары, алардын милдеттери дагы бар экендигин эскерте баштады.
Россиядагы «Крокус Сити Холл» террордук чабуулунан кийин, Борбор Азиядан барган мигранттарга каршы болуп көрбөгөндөй кампания башталды. Миңдеген адамдар сыртка чыгарылган же кирүүгө, Россиянын региондорунда мигранттардын ар кандай тармактарга жумушка орношуусуна тыюу салынды.
Кыргызстан менен Тажикстандын бийликтери өз жарандарына Россияга баруудан убактылуу баш тартууну сунушташууда. Москвадагы укук коргоочулар мигранттарга: «Укугуңар бузулуп, фронтко барууга мажбурлашса, шантажга алдырбагыла, үйүңөргө кайткыла», – деп эскертип жатышат.
Өз кезегинде орус ММКлары тыштан келгендерди жаманатты кылуу кампаниясын акылга сыйбас деп атаган белгилүү экономисттердин айткандарын жарыялап чыгышты.
Талдоочулар муну «бүгүнкү күндө Россиянын экономикасы жумушчу колдордун агымына болуп көрбөгөндөй муктаж, ал эми массалык текшерүүнүн антитеррордук таасири менен эмгек мигранттарын өлкөгө киргизбөөнүн таасири жокко эсе» деп түшүндүрүшүүдө.
Ошол эле учурда Борбордук Азия Россияга берип жаткан жумушчу күч үчүн атаандаштык бара-бара күч алып жаткандыгы байкалат.
Борбордук Азия мамлекеттеринин жашоочулары миграциялык климаты жакшыраак башка өлкөлөрдү көбүрөөк карай башташты.
Буга кошумча, кырдаал региондордун өзүндө да өзгөрүп жатат. Кыргызстанды алалы. Бишкекти эле караганда, ал активдүү түрдө курулуп жатат. Башка аймактары дагы артта калган жок. Жетишерлик эмгек акы төлөнгөн жумуш орундары пайда боло баштады. Бир эле курулуштарда гана эмес, мисалы, тигүү тармагында дагы. Муну Пакистан менен Бангладештен акча табуу үчүн Кыргызстанга агылган жарандардын агымы жакшы көрсөтүп турат.
Апрель айына карата 16 миң 814 жумушчу орунга арыздар берилген. Алардын 47 пайызы Бангладешке, 24 пайызы Пакистанга тиешелүү.
Бул сандар жумуш бар экенин көрсөтүп турат, демек, жакшы акчаны эңсеп дүйнөнү кыдыруунун мааниси жок. Чебер колдорго жана мээлүү баштарга, акыры, үйдө дагы суроо-талап жаралууда.
Мурунку | Предыдущий
Кийинки | Следующий