Тынчтык Шайназаров Жылдызкан Жолдошевага: “Соттон утуп чыгаарымды билсем да провокацияга алдырбайм”

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Джолдошова Жылдызкан Айтибаевнага жооп берди. Төмөндө анын жообун өзгөртүүсүз беребиз:

“Урматтуу Жылдыз Айтибаевна мага карата ойдон чыгарылган “фактылар” менен кайрадан жазган постун улам бирөөлөр жөнөткөнүнөн, полемиканы ошо бойдон токтотоюн деп жаттым эле, тактоолор менен жооп берүүнү туура көрдүм.
Жылдыз Айтибаевнанын башкы максаты – менин аны сотко берип, уламдан-улам соттон-сотко сүйрөлүп, андан өзүнө пиар жасап, элге шоу көрсөткүсү келгенин так-даана көрүп турам. Мен сотко кайрылсам, 100 пайыз аны утуп чыгарымды билем. Бирок мен Жылдызкан Джолдошованын провокациясына алдырбай, анын деңгээлине түшпөй, сотко кайрылбайм жана ал каалап жаткан шоуну элге көрсөтпөйм.
20 кг баңги зат боюнча жазып чыккан фактылары таптакыр чындыкка дал келбейт. Мени мындай ири өлчөмдөгү баңги зат менен эч ким кармаган эмес, тескерисинче, мен бул факты тууралуу жетекчиликке билдирип, Ош шаарынын ИИБи жана эки понятой менен биргеликте бул кылмыштын бетин ачканбыз. Бул иштин чоо-жайын билбей туруп, чыныгы фактыларды бурмалап таратуу — элдин башын айлантуу үчүн атайылап жасалган кадамдар деп эсептейм.
Менин билишимче, Жылдызкан Айтибаевна өмүр бою ушинтип бирөөнө жабышып алып, анын артынан сөз таратып, өз курмандыгына айлантып алат. Бирок муну дагы ал жеке өз кызыкчылыгында гана жасайт.
Биз Жылдызкан Айтибаевна менен бирге бир нече жыл депутат – кесиптеш болгонбуз жана анын кандай кылыктарды жасаганын мен дагы эң жакшы билем. Эгерде кааласам, ойдон чыгарылган манипуляция жана провокация эмес – фактылар менен сүйлөйт элем. Бирок анын деңгээлине түшүп, аларды элге жарыялап, шоу уюштурууну туура деп эсептебейм.
Мен Джолдошова Жылдызкан Айтибаевна менен талашып-тартышып, айтышкым келбейт. Ал эми Жылдызкан Айтибаевнага болсо жан дүйнөсүнө тынчтык жана мындан ары тынч, бакубат өмүр сүрүшүн каалайм”.

Related posts

КР УКМК: Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жайгашкан мурдагы бала бакчанын жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

«Кой же чочконун эти деп сатышмак». Кытайда миңдеген мышык куткарылды

admin

Сейсмология институту жер титирөө боюнча так маалымат берди

admin

Комментарий