Төрага Нурланбек Шакиев коомдук ишмер Жеңишбек Бекболотовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик жана коомдук ишмер Жеңишбек Бекболотовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты.

Төрага маркумдун байсалдуу өмүр жолу тууралуу сөз кылып: Жеңишбек Бекболотов тажрыйбалуу адис, иш билги инсан катары мамлекеттик кызматта узак жылдар эмгектенип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон. Алгач заводдо жөнөкөй жумушчулуктан баштаган өмүр жолун ар кыл кызматтарда улантып, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтеринде жигердүү иш алып барган”, – деди. Муну менен катар илим изилдөө жаатындагы жасаган иштерине токтолгон төрага: “Курулуш, ирригация жана суу пайдалануу чөйрөсүндө илимий эмгектердин жана көптөгөн ойлоп табуулардын автору болгон. Андыктан, эмгеги менен элдик инсанга айланган Жеңишбек Бекболотовдун баскан жолу көпчүлүккө үлгү”, – деп кошумчалады.

Жеңишбек Бекболотов 1945-жылдын 15-майында Ош облусунун Жаңы-Жол районундагы Караван айылында туулган.

Related posts

Айгүл Жапарова Араб Эмираттарына барды (сүрөт)

admin

УКМК тарабынан күрөөканалар текшерилди

admin

Жарандарды опузалап акча талап кылгандыгы үчүн блогер Батма Жолдубаева кармалды

admin

Комментарий