Төрага Нурланбек Шакиев Түркиянын тышкы иштер министрин кабыл алды

Кечээ, 9-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушту. Анда боордош эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Шакиев Түркия мамлекетинин башкы дипломатынын Кыргызстандагы иш сапары байланыштарды мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилеп, кызматташтыктын учурдагы абалына токтолду. Анын ичинен парламенттер аралык алакалар тууралуу сөз кылган Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангандан кийин алгачкы расмий иш сапарын Түркия Республикасына жасаганын эске салды.

Муну менен катар экономикалык байланыштар тууралуу пикирин айткан Нурланбек Шакиев“Түркия Кыргызстандын эң ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Андыктан эки тараптуу соода жүгүртүүбүз жыл сайын өсүүдө. Бул темпти мындан ары да жогорулатып, соода көлөмүн 2 миллиард долларга чейин жеткирүүбүз кажет”, – деди.

Өз кезегинде Хакан Фидан да эки өлкө ортосундагы алакаларды арттырууда парламенттердин ролу чоң экенин белгилеп, бул жааттагы колдоосу үчүн Жогорку Кеңештин төрагасына ыраазычылык билдирди.

Related posts

26-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 10 адам куткарылды

admin

Кыргызстандын аймагында көмүр сатылган 550дөй база ачылат

admin

Комментарий