УКМК Өзгөн райондук сотунда коррупциялык схеманы аныктады

КР УКМК жасалма сот чечимдери менен чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын жарандыгына мыйзамсыз кабыл алуу фактысын аныктады.
Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун кызматкери 09.07.1977-ж.т. И.Ы.О., Өзгөн райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы 13.03.1981-ж.т. С.Э.О. кылмыштуу макулдашууга кирип, акчалай сыйлык алуу үчүн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында жогоруда аталган адамдардын туулгандыгынын аныктыгы жөнүндө жасалма сот чечимдерин системалуу түрдө берип турушкан.
Кылмыштардын бирдиктүү реестринин Автоматташтырылган маалыматтык системасына катталган материалдардын, тергөө аракеттеринин натыйжасында 16 чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамдарды аталган кылмыш схемасын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын жарандыгына мыйзамсыз кабыл алуу фактылары аныкталган.
2025-жылдын 9-июлунда КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгы тарабынан И.Ы.О. жана С.Э.О.го карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337 жана 347-беренелери боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Мыйзамсыз паспорт берүү” боюнча кылмыш иши козголуп, Ош шаардык соту тарабынан айыпталуучуга карата эки айлык мөөнөткө КР УКМКнын тергөө абагына камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Related posts

Президент куран окуу боюнча сынактын жеңүүчүсү Мухамадали Умаров менен жолукту

admin

Камчыбек Ташиев Азия чемпионатына жөнөп жаткан спортчулар менен жолукту 

admin

Бишкекте «көпөлөк» рейди жүрө баштагандан тарта 1600дөн ашык кыз аныкталган (видео)

admin

Комментарий