УКМК айрым микрокредиттик уюмдардын иши текшерилерин билдирди

Айрым микрокредиттик уюмдардын иши текшерилерин УКМКдан маалымдашты.

Карыз алуучулардан келип түшкөн даттанууларга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ири жеке микрокредиттик уюмдардын ишин төмөнкү жагдайларга байланыштуу текшерүүгө алууда:

— Жеке жана юридикалык жактарга насыя берүүдө пайыздык ченемдердин сакталбагандыгы (жылдык 33 пайыздан көп эмес);

— Жеке жана юридикалык жактарга кредит берүү жол-жоболору бузулган учурда (Кредиттин максималдуу суммасына карата талаптарды айланып өтүү үчүн кредит берүүнүн бытырандылык фактылары бар);

— милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу максатында көзөмөлдөөчү органдарга жалган маалыматтарды (отчетторду) берүү;

Ошону менен бирге, УКМК жеке жана юридикалык жактарды кредиттөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуу кылмыш-жаза жана башка жоопкерчиликке алып келерин эскертет.

Related posts

Жаан жаап карга айланат. 16-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

admin

Бишкекте суу жана канализациянын тарифин көтөрүү пландалууда 

admin

Мөмө жемиштен көп түшүм алган чемпиондор белгилүү болду

admin

Комментарий