УКМК: Ала-Бука районунда коррупция боюнча айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

КР УКМК жергиликтүү тургундардан мыйзамсыз аракеттерге байланыштуу көптөгөн даттануулар түшкөндөн кийин Ала-Бука районунун Балтагулов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Н.Б.ны кармады.
Тактап айтканда, Н.Б. жергиликтүү кеңештин учурдагы депутаты С.Ж. менен тил табышып, 2023-2024-жылдар аралыгында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүнү убада кылып, жергиликтүү тургундардан 100дөн 300 миң сомго чейинки акча каражатын алганы аныкталган. Ошол эле учурда Н.Б. жайгашкан жерин көрсөтпөстөн жеке турак-жай куруу үчүн аларга жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча 136 жасалма буйрук чыгарган. Жергиликтүү тургундарга келтирилген зыяндын суммасы алдын ала 10 млн.сомду түзгөн.
Ошондой эле, айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Б. бизнестеги 20% үлүш үчүн жогорудагы айылдык Кеңешинин депутаты С.Ж.га ресторан куруу үчүн 1 га жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп бергени аныкталган.
Учурда кармалган адамдар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
КР УКМК Ала-Бука районунун Балтагулов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысынын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткандардын бардыгын КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына кайрылууну өтүнөт.

Related posts

КР УКМК: Баткен облусунун Лейлек районунда коррупциялык схема аныкталды

admin

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, аба ырайы +12…+14 градуска чейин жылыйт — 14-октябрга карата аба ырайы

admin

Кыргызстанда кар жаайт — 15-январга карата аба ырайы

admin

Комментарий