УКМК башчысы Камчыбек Ташиев: Көк-Бөрү оюнунда провокация жасагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат – ВИДЕО

Ош шаарындагы ипподромдо өткөн Көк-Бөрү оюнунан кийинки күйөрмандардын ызы чуусу коомчулукта катуу талкуу жаратууда. Бул тууралуу УКМК башчысы Камчыбек Ташиев коомчулукка кайрылып, оюндан кийинки ызы чуу чыгарып, провокация жасагандар сөзсүз мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертти.

“Урматттуу кыргызсандыктар, бүгүн мамлекетибиздин Эгемендүүлүк күнүн майрамдап,  жер-жерлерде чоң мааракелер өтүп жатат. Ошолордун бири  Ош шаарындагы  Төлөйкан ипподромундагы окуялар боюнча  кайрылуу айтып кетейин дедим.

Ошол жерде жосунсуз  жоруктар катталды. Кыргызыбыздын  Көк-Бөрү оюнунун негизинде өтө көп  адам чогулгандыктан, эки команданын бири-бирине  спорттук  мелдешин чырга айландырышып, ошол жерде  анча-мынча адамдардын  туура эмес кылыктарынан көпчүлүк  адамдар эмоцияга берилип, ачууга, кызуулукка  алдырышып, тополоңго барганга аракет кылышты. Бирок,  айтып коюшум керек,  кыргыз эли ынтымактуу болуп, элибиздин, журтубуздун мамлекетибиздин  тычтыгын сактаганга ар бирибиз милдеттүүбүз.  Бул деген спорт,  оюн. Ким утат, ким утулат  ал ошон үчүн спорт. Бул жаатта бир адам утат, бир адам утулат,  утулганы ачууга алдырбаш керек. Ошондуктан  жакшылап даярданышы керек, утканга да, утулганына да ыраазы болушу керек.  Ал эми ошол жерде жасалган провокаторлордун жасаган иштери боюнча укук коргоо органдарына тапшырманы бердим.  Коопсуздук, укук коргоо органдары  ошол жердеги бардык видеолорду, фактыларды топтошуп,  кимдер ушул окуяны баштаган,  кимдер себепкер болгону такталып, мыйзам чегинде ар бирине чара көрүлөт. Бул ушул боюнча калып кетпейт,” – деди Камчыбек Ташиев.

Толук видеону бул жерден көрүңүздөр:

Related posts

КР УКМК: Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач аймагында жайгашкан бир катар жер тилкелер мамлекеттик баланска кайтарылды

admin

Кыргызстанда кант кызылчасын жыйноо 98,3% аяктады

admin

13-ноябрь күнү Кыргызстанда жаан, кар жана туман күтүлүүдө — аба ырайынын болжолу

admin

Комментарий