УКМК: Баткен облустук бириккен ооруканасынын жана үй-бүлөлүк медицина борборунун жамааты менен жолугушуу өткөрүлдү

2025-жылдын 23-январында УКМК КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте Баткен облустук бириккен ооруканасынын имаратында үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Шаменовдун, саламаттык сактоону координациялоо жана башкаруу борборунун директору А. К. Борубековдун жана башка кызмат адамдарынын катышуусунда кеңешме өткөрдү.
Облус башчысы А.Шаменов Баткен шаарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн пландары тууралуу маалымат берип, саламаттык сактоо системасына өзгөчө көңүл бурду. Жолугушуунун жүрүшүндө медицина тармагындагы көйгөйлүү маселелер талкууланып, андан соң А.Шаменов облустук оорукананын аймагын көрүп чыгып, тиешелүү тапшырмаларды берди.
Кеңешменин алкагында иш-чаранын катышуучуларына өлкө жетекчилиги тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу милдети коюлгандыгы тууралуу кошумча маалыматтар айтылды. Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде медициналык мекемелердин жетекчилерине жана кызматкерлерине мыйзамдарды бузууга жол бербөө жөнүндө катуу эскертүү берилди.
Жолугушуунун соңунда А.А.Шаменов медицина кызматкерлерин функционалдык милдеттерин ак ниет аткарууга жана калкка тийиштүү деңгээлде медициналык кызмат көрсөтүүгө чакырды, ал эми жетекчилерге туруктуу негизде коррупциялык укук бузуулардын алдын алууну камсыздоо тапшырылды.

Related posts

Чүйдө 16 жаштагы Даниэль 8 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

admin

Жарасул Абдураимов Министрлер Кабинетинин жана Президенттин аймактардагы өкүлдөрүн «Кыргызиндустрия» ААКнын ишмердүүлүгү менен тааныштырды

admin

«Кыргыз көмүр» ишканасынын директору энергетика министринин орун басары болуп дайындалды

admin

Комментарий