УКМК: Чүйдө “ооган чарсын” сатууга аракет кылгандар кармалды

Баңгизаттарды сатуу менен алектенген топтун уюштуруучуларынын бири Чүй облусунда 1 килограмм «ооган чарсын» сатууга аракет кылып жатканда кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

КР УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана таратуу фактыларын аныктоого багытталган иш-чаралардын алкагында, ошондой эле баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө максатында, тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө баңгизат каналынын уюштуруучуларынын бири, КР жараны Г.А.Т. кармалды.

Тактап айтканда, 2025-жылдын 17-ноябрында 1 килограммдан ашуун «ооган чарсы» (гашиш чайыры) баңгизатын сатууга аракет кылып жатканда, трансулуттук баңгизат тобунун уюштуруучуларынын бирине карата «Тажикстан Республикасы — Ош облусу — Чүй облусу» каттамы боюнча баңгизат жеткирүү каналын уюштургандыгы үчүн кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, 2025-жылдын 18-ноябрында Г.А.Т. кармалып, Октябрь сотунун чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Жаза аткаруу  кызматынын №21 мекемесине камакка алынган.

Related posts

Жогорку Кеңештин спикери: АКШ кыргызстандыктарга виза берүүнү жеңилдетиши мүмкүн

admin

УКМК: И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) билим берүү ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схема аныкталды

admin

УКМК төрагасы Ташиев жалгыз бой энеге батир белек кылды

admin

Комментарий