УКМК «Дед Хасан» кылмыштуу топтон баш тартканын айткан. Анын депутат уулу үн катты

Буга чейин УКМК маалымат таратып, 1964-жылы туулган Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында туулган, «Хасан ата жана прокурор» деген ат менен белгилүү Ажибаев Ильяскожо Рахманбердиевич кылмыштуу топтон баш тартканын билдирген.

Ильяскожо Ажибаевдин Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаевдин атасы экени маалым болгон. Депутат Kaktus.media басылмасына атасынын уюшкан кылмыштуу топко тиешеси жок экенин айтты.

«Менин атамдын эч качан кылмыштуу топторго тиешеси болгон эмес. УКМК тараткан видеодо да айтып жатат, «эч качан кылмыштуу топко тиешем жок болчу» деп. Мыйзамдар менен жашайм деп жатат. Социалдык тармактарда кылмыштуу топтон баш тарттым деди деп жазып жатышат. Атам азыр 60 жашта. Ал буга чейин кылмыш эмес, административдик да жоопкерчиликке тартылган эмес»,- деди ал.

Related posts

Бишкекте Нооруз майрамына карата 3 күн чоң иш-чаралар өтөт. Программа

admin

Кумтөр жаңы окуу жылынын алдында окуучуларга кезектеги колдоосун көрсөттү

admin

«650 миңди жашырам деп, 100 миң сом сураган». Кара-Сууда салыкчы кармалды

admin

Комментарий