УКМК: Эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду 

 Эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду, — деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңгизат тобунун мүчөлөрү, Өзбекстандын жараны Х.Ш.Ш. жана Кыргызстандын жараны П.О.А. кармалды.

Атап айтканда, Өзбекстандын аймагына КР жараны, Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Арал айылынын жашоочусу П.О.А. аркылуу баңги затын ташууга аракет кылган, жалпы салмагы 2 кг 300 гр болгон «чарс» баңги затын алып жаткан жеринен, Жалал-Абад шаарынын Ленин-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Токтогул» атындагы парктын жанынан Анжиян облусунун тургуну 1988-жылы туулган «Х.Ш.Ш.» кармалды.

Жүзүлгѳн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган П.О.А. Жалал-Абад шаарындагы автобекеттин жанынан кармалып, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыктын тергөө бөлүмүнө алынып келинген. 

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Related posts

Кантта топ кишилер мушташып, ок атылды

admin

КР УКМК: Мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана алдын-алуу боюнча Бишкек шаарынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрүлдү

admin

Вэнс Зеленскийдин Ак үйдөгү сүйлөшүүгө кайтуу шартын атады

admin

Комментарий