УКМК: «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик уюмунун аялдар канатынын мүчөлөрү кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда терроризмге каршы операциялардын жүрүшүндө «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун аялдар канатынын активдүү мүчөлөрү аныкталды. Алар тигүү жана кесүү боюнча практикалык окутуу шылтоосу менен жаш аялдарды ал жакка жумушка тартышкан. Бул процесстин жүрүшүндө алар тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун идеологиясын акырындык менен жана тымызын түрдө жайылтышкан.

Топтун лидерлери жабык түрдөгү  Telegram каналдарына активдүү катышып, тыюу салынган адабияттарды таратып, Кыргыз Республикасында халифат түзүү маселесин талкуулашкан.

Аныкталган адамдардын жашаган жерлерин тинтүү учурунда Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами ДЭУга байланыштуу көп сандагы  тыюу салынган адабияттар, электрондук каражаттар, компьютерлер, флешкалар жана уюлдук телефондор табылган.

2026-жылдын 29-январында тергөө жана ыкчам иш-чаралардын натыйжасында экстремисттик уюмдун аялдар канатынын беш мүчөсү кармалып, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алынды.  Учурда тергөө иштери уланууда.

Related posts

ГКНБ задержал сына депутата «легендарного» парламента за незаконную приватизацию имущества винсовхоза «Ала-Тоо»

mediaportalk

За хищение 12 млн сомов при ремонте канала «Петропавловский» задержан чиновник

mediaportalk

Физлица из США в октябре увеличили денежные переводы в Кыргызстан в 2,2 раза

mediaportalk

Комментарий