УКМК: Кемин районундагы стоматологиялык клиниканын директору кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай,  УКМК тарабынан Чүй облусунун мамлекеттик бийлик органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык), 379-беренеси (Документтерди жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кемин районундагы   стоматологиялык  клиниканын директору М.Т.О.  кармалды.

Тактап айтканда, М.Т.О. өзүнүн башкы эсепчиси Б.С. жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы Н.С. менен сүйлөшүп алып, стоматологиялык клиниканын мурда иштен бошотулган кызматкерлерине билдирбестен, Кемин районунун банктарында алардын атына эсеп ачып, эмгек акысын төлөп берүү шылтоосу менен, 2017-2023-жылдар аралыгында акча каражаттарын которуп, накталай акчага айландырган.

Маселен, М.Т.О. өзүнүн жакын туугандарын, кызын жана жубайын жумушка тариздеп, аларга эмгек акы эсептелинген, бирок иш жүзүндө алар иштеген эмес.

Алдын ала мамлекеттик бюджетке 5 миллион сомго жакын зыян келтирилген.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында М.Т.О. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  Окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

КР УКМК: Аксы районунун Кербен шаарындагы 23 млн сомдук борбордук базар мамлекетке кайтарылды

admin

6-9-апрелде тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн 

admin

21-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Комментарий