УКМК: КР аймагында жашыруун террордук топтун 30 жактоочусу кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында террорчулукка каршы операциянын алкагында КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жашыруун террористтик уюмдун 30 жактоочусу кармалган. Алардын иш-аракети чет өлкөлүк ЭТУ борборлору тарабынан координацияланган.
Аталган уюмдун мүчөлөрү системалуу түрдө жашыруун жыйындарды өткөрүшүп, анда радикалдык идеологияны үгүттөп, террористтик ишти каржылоо үчүн акча каражаттарын чогултуп турушкан.
Аталган радикалдык топтун негизги максаты КР конституциялык түзүлүшүнө каршы «жихад» жасоо, ошондой эле КР аткаминерлерине, атайын кызматтардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата теракцияларды пландаштыруу экендиги аныкталып, топтун мүчөлөрүнүн биринен колго жасалган жардыргыч затты жасоо боюнча видео нускама алынды.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
КР УКМК террористтик жана экстремисттик ишке катышкандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип, коомчулукту сак болууга, радикалдуу жана экстремисттик идеологияга кабылбоого чакырат.

Related posts

Чубак ажы Жалилов атындагы Көк-Жаңгактагы ички жолдун ачылыш аземи өттү

admin

Жети-Өгүздө тургун өз колу менен отун керткич жасады (видео)

admin

Иманкулов: Жапаров Путинге кыргыз-тажик чек арасы боюнча ортомчу болушу үчүн кайрылган

admin

Комментарий