УКМК: КР Саламаттык сактоо министрлигинде координациялык кеңешме болуп өттү

   Бүгүн, 2025-жылдын 20-январында  КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-КР УКМК төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиевдин берген тапшырмасын аткаруунун алкагында КР Саламаттык сактоо министрлигинде мамлекеттик медициналык мекемелердин облустук жана райондук деңгээлдеги бардык жетекчилеринин катышуусу менен координациялык кеңешме өткөрүлдү.
   Кеңешменин жүрүшүндө катышуучуларга коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн күчөтүлгөн  кылмыш жазасы, тагыраагы "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КР мыйзамынын ченемдери түшүндүрүлдү.
   Белгилүү болгондой, Президент Садыр Жапаровдун коррупцияга каршы саясатын ишке ашыруу максатында КР УКМК тарабынан "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору иштелип чыккан.
   Укук коргоо органдары, анын ичинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан коррупцияга каршы тынымсыз күрөшкө карабастан, саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөрдүн өсүүсү  байкалууда.
   Тактап айтканда, УКМК тарабынан 2020-жылдын октябрынан 2024-жылдын декабрына чейин 43 кылмыш иши козголуп, 18 кызмат адамы кармалып, 291,9 млн сомдон ашык акча каражаты мамлекетке   кайтарылган.  Коррупцияга байланышы бар  25 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Андан сырткары, уюшкан кылмыштуу топко байланышы бар 4 жооптуу кызматкер кызматтан кеткен.  
   Жыйындын алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 336, 337, 338, 339, 340, 341, 342, 343, 344, 345, 346, 347, 348-беренелерине ылайык,  КР Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине коррупциялык кылмыштар үчүн жазалардын негизги өзгөчөлүктөрү жеткирилди, алар:

1) Коррупциялык кылмыштар менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салынат;
2) Коррупциялык кылмыштар үчүн айып төлөө менен кутулуу эч мүмкүн эмес;
3) Оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жарандын жакын туугандарын же жубайы мамлекеттик кызматка алуудан баш тартылат;
4) Жаран коррупциялык кылмыштарга күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыянды төлөп берген учурда да, жаза мөөнөтүнүн жарымын өтөйт.
Кеңешменин алкагында белгиленгендей, республиканын жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупцияны абсолюттук жоюу милдети коюлган. Ушуга байланыштуу чогулгандарга коррупцияны жүзөгө ашырууга же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол бербөө жөнүндө эскертилди.

Related posts

Кыргызстанда бир аптада коронавирустун 35 учуру катталды 

admin

Гүлбү Ороскул кызы көзү тирүү болгондо бүгүн 47 жашка чыкмак

admin

11-июлдан тартып өлкөдө мээ кайнаткан ысык башталат 

admin

Комментарий