УКМК: Курулуш объектилериндеги кырсыктар боюнча жооптуу адамдар кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан шаар куруу системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, курулуш иштерин коопсуздуктун негизги талаптарын сактабастан жүргүзүүгө жол берип, адам өлүмүнө жана жаракат алууга алып келген архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери тууралуу маалымат алынган.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине келип түшкөн статистикалык маалыматтарга ылайык, 2022-жылы курулуш объектилеринде бийиктиктен кулоонун 11 учуру, 2023-жылы 73 учур, 2024-жылы 172 учур жана 2025-жылдын 3 айында 30дан ашуун учур катталган. Көрсөтүлгөн маалыматтар боюнча, коопсуздукту көзөмөлгө алуу талаптарына терс болгон өсүү тенденциясы байкалып, буга Курулуш министрлигинин архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин жооптуу кызмат адамдары тарабынан коопсуздук техникасынын сакталышына талаптагыдай эмес көзөмөл жүргүзүү жана курулуш компаниялары тарабынан курулуш объекттеринде коопсуздук техникасынын сакталышы боюнча нормаларды талаптагыдай эмес уюштургандыгы себеп болгон. Ошол эле учурда курулуш компаниялары өздөрүнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, жабыркагандардын  туугандарына пара берип, дооматы жок деген арызды алып, анын ичинде кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтен качышат.

Өз кезегинде Курулуш министрлигине караштуу Архитектура-курулуш көзөмөлү башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мындай көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча иштиктүү чараларды иштеп чыгуунун жана көзөмөлдөөнүн ордуна, курулуш уюмдарынын өкүлдөрү менен тил табышып, коопсуздук талаптарын сактабастан курулуш иштерин уюштурууга мүмкүнчүлүк берип жатышат.

Ушуга байланыштуу, мындай фактыларга бөгөт коюу жана курулуш субъекттерине профилактикалык таасир көрсөтүү максатында курулуш объекттериндеги акыркы кырсыктар боюнча өндүрүштөгү материалдар мындан аркы иликтөөнү уюштуруу үчүн УКМКга өткөрүлүп берилди.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюнча, чогултулган материалдардын негизинде Бишкек шаарындагы курулуш объектисинде болгон кырсыктардын бири боюнча  2025-жылдын 13-майында Бишкек шаары боюнча архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы К.Т. жана ири курулуш компанияларынын биринин башкы директору М.Э. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КР УКМК ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын жана курулуш компанияларынын өкүлдөрүн объекттерде коопсуздук техникасын сактоо боюнча иштерди мыйзамдардын талаптарына ылайык так жүргүзүүгө чакырат жана аларды одоно бузгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигин эскертет.

Related posts

Задержан экс-начальник «Кадастра» Кара-Суйского района при попытке дачи взятки сотруднику ГКНБ  

admin

В Бишкеке из автошколы по улице Элебесова украли 150 тыс. сомов и 350 тыс. рублей

admin

Садыр Жапаров почтил память погибших во время Апрельской революции 

admin

Комментарий