УКМК кызматкерлери КР Улуттук коопсуздук органынын ардагери Намазов Шаимбек Намазовичти 95 жылдык мааракеси менен куттукташты

Бүгүн, 2024 – жылдын 12-апрелинде КР УКМКнын төрагасы генерал – лейтенант К.К.Ташиевдин атынан, УКМКнын төрагасынын орун басары Т.М. Шабданбеков Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органынын ардагери- Намазов Шаимбек Намазовичти 95 жылдык мааракеси менен куттуктады. Шабданбеков Ш.Н.Намазовго бекем ден-соолук каалап, акча каражатын тапшырды. Аны менен катар, ардагерди жана анын үй-бүлөсүн куттуктап КР УКМКнын ардагерлер кеңешинин төрагасы З.Ж.Чолпонбаев, КР УКМКнын аскердик-медициналык кызматынын башчысы Н.К.Жанакеева, КР профсоюздар Федерациясынын орун басарлары С.А.Боенов жана О.А. Шаршеналиев барды.
Маалымат үчүн: Намазов Шайымбек Намазович, 1929-жылы 12-апрелде Ысык-Көл облусунун Чиркей айылында туулган. Мектепти артыкчылык диплому менен аяктагандан кийин медициналык университетке тапшырып, бирок 2-курста Беларусь ССРинин Могилев шаарындагы КМК мектебине тапшырууну туура көргөн. Бул мектепти аяктагандан кийин Бадахшан провинциясына (Тажикстандын түштүк-чыгышында жайгашкан тарыхый Памир облусу) кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн. Андан соң, Москва шаарында СССР КМКсынын Ф.Е.Дзержинский атындагы жогорку мектебинде 4-жыл окуусун уланткан.
КМКнын жогорку мектебин аяктагандан кийин Кыргыз ССР КМКсынын Борбордук аппаратында, Нарын, Ысык-Көл башкармалыктарында ар кандай кызматтарда иштеп, бирок ден соолугунун начарлашына байланыштуу 1973-жылы пенсияга чыгууга аргасыз болгон.

Related posts

“Чайхана чатагы”. Бишкекте бейбаштык кылган топ кармалды

admin

Ош облустук милициясынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

admin

Бишкекте шаурмага уулангандардын саны 71 адамга жетти

admin

Комментарий