УКМК: Мамлекеттик дарыкананын 455 чарчы метр имараты жана 0,15 сотых жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

УКМК шаарлардын жана райондук борборлордун мурда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке чыгарылган инфраструктуралык объекттерин мамлекеттик менчикке кайтаруу боюнча иш - чаралардын алкагында Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылынын аймагында жайгашкан, КР Саламаттык сактоо министрлигине таандык болгон, 455 чарчы метр аянты, 0,15 сотых жер тилкеси менен мамлекеттик дарыкананын имараты убагында КР мыйзамдарын бузуу менен менчиктештирилип кеткени аныкталды.
   Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада жогоруда аталган имарат жер тилкеси менен мамлекеттин балансына ыктыярдуу тартипте кайтарылды.
     Мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Related posts

Садыр Жапаровду Бириккен Араб Эмираттарына коштоп кеткен делегациянын курамы

admin

Орозо айт 10-апрелде белгиленет

admin

КР УКМК: Кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз ээлеп алган уюшкан кылмыштуу топ аныкталды

admin

Комментарий