УКМК: Опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды 

14 миң 500 доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылууга шектелип «Дженго» уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Такталгандай, кармалгандар күч көрсөтүп, зомбулук кылабыз деп коркутуу жолу менен 14 миң 500 доллар өлчөмүндө акча каражатын Ош облусунун тургунуна милдеттендиришкен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда кармалгандарга, Ош шаардык сотунун чечими менен УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыктын тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

Айсулуу Тыныбекова Париждеги Олимпиадага жолдомо жеңди

admin

Надира Нарматова сунуштаган “Чет элдик өкүл” мыйзам долбоору биринчи окууда Жогорку Кеңештин дагы бир комитетинде колдоо тапты

admin

Кубанычтуу кабар! Кичинекей Аруузатка көптөн күткөн Золгенсма уколу жасалды

admin

Комментарий