УКМК: Салык кызматынын кызматкерине пара берип жаткан чет элдик жаран кармалды

Чет элдик жаран кызмат адамына пара берип жаткан жеринен кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 23-майда Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине ишкердик субъектисинин ишмердүүлүгүн текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда чет элдик жаран К.А. кармалды.

Кармалган чет элдик жаран кампалардагы товарлардын калдыктарынын суммасын азайтуу максатында салыкчыга 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берүүгө аракет кылган.

Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Бишкекте мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн россиялык жаран кармалды

admin

Өлкө боюнча бардык бала бакчага видеокамера орнотуу каралууда

admin

Бишкекте наристесин таштандыга таштаган келин эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

admin

Комментарий