Бишкекте мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн россиялык жаран кармалды

Бишкекте ИИМ кызматкерлери тарабынан ар кандай кылмыштар, анын ичинде оор кылмыштары үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Россиянын жараны кармалды. Бул тууралуу КР ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Россиянын укук коргоо органдары тарабынан ага капрата уурулук, зордуктоо, жасалма документтерди жасоо айыбы коюлган.

Издөөгө жарыяланган жаран ички иштер органдары колдонуп жаткан заманбап технологиялардын жардамы менен кармалды.

Ошентип, 2024-жылдын 6–январда жүзүн таануу камералары издөөдө жүргөн А.Р. аттуу жаранды таанып, ал жаран өз мамлекетинде бир нече кылмыштар, атап кетсек, кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси «уурдоо», 131-беренеси «зордуктоо», 327-беренеси «жасалма документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү же бланктарды жасоо, даярдоо же жүгүртүү», менен жоопко татылып, бөгөт коюу чарасы-камакка алуу тандалганы такталган.

Ал жаран Алтай аймагы боюнча Орусиянын Ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан на издөө жарыяланган.

Жогорудагы жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалды.

Related posts

К.Ташиев Нарын шаарына атайын техникаларды пайдаланууга берди

admin

Садыр Жапаров «Эркечтам» өткөрмө пунктун модернизациялоону тапшырды

admin

Экс-депутат Өмүрбек Бакиров күнөөлүү деп табылып, 200 миң сом айыпка жыгылды

admin

Комментарий