УКМК: Сузакта мыйзамсыз диний билим берүүчү борбордун ишине бөгөт коюлду 

16-февралда УКМК тарабынан Сузак районундагы Мундуз айылындагы “Чолпонай” диний билим берүү борборунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.

Бул диний окуу борбору 2022-жылдын ноябрында «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамды бузуу менен негизделгени аныкталды. Диний борбордо үч мугалим эмгектенип, 30га жакын жергиликтүү тургундар (аялдар) билим алышкан. Сабактар жумасына эки жолу өткөрүлүп, алар Курандын негиздерин жана исламий укук илимин үйрөтүшөт. Ошол эле учурда мугалимдердин жогорку диний билими жок болуп чыккан. Текшерүүнүн жыйынтыгында диний окуу борборунун ишмердүүлүгү токтотулуп,  тиешелүү актылар түзүлүп, 5500 сом өлчөмүндө айып салынды.

Related posts

Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди

admin

Өлкөдө жыл башынан бери 19 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү төлөндү

admin

Ошто терминалдын айнегин сындырып, акча уурдоого шектүүлөр кармалды

admin

Комментарий