УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев спортчуларга батирлерди тапшырды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2025-жылдын 25-декабрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы генерал- полковник К.Ташиев “Жаштык” спорттук аренасында өтүп жаткан грек-рим жана эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатына барды. 

Белгилей кетсек, аталган Чемпионат улуттук спорттук календардын алкагында өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын облустарынан жана аймактарынан келген, бекитилген регламенттерге, спорттук даярдык талаптарына жана медициналык көзөмөлгө ылайык допуск алган спортчуларды бириктирет.

Өз кезегинде УКМК төрагасы К.Ташиев чемпионаттын катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн куттуктап, аларга спорттук ийгиликтерди каалады. Ошондой эле салтанаттуу аземдин жүрүшүндө буга чейин, дүйнөлүк аренада ийгиликтерди жараткан 6 спортчуга өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, батирлерди белекке берди.

«Бардык спортчуларды, жеңүүчүлөрдү куттуктайм. Кыргызстан өзгөчө эркин күрөш боюнча дүйнөнүн эң алдыңкы өлкөлөрүнүн катарында. Андыктан, биз дүйнөлүк аренада Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчуларды колдоп келгенбиз жана колдой беребиз. Спортту колдоонун алкагында жана Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, бүгүн алты спортчуну сыйлоону чечтик» — деп белгиледи Камчыбек Ташиев.

Сыйлоо аземинин жүрүшүндө Айпери Медет кызына (эркин күрөш) — 3 бөлмөлүү батир, Асан Жанышовго (грек-рим күрөшү) — 2 бөлмөлүү батир, Ихтияр Нишоновго (бокс) — 1 бөлмөлүү батир, Омар Ливазага (бокс) — 1 бөлмөлүү батир, Смадияр Жумакадыровго (грек-рим күрөшү, Сурдлимпиада оюндары) — 1 бөлмөлүү батир, Адилет Жапаркуловго (эркин күрөш, Сурдлимпиада оюндары) — 1 бөлмөлүү батирдин документтерин тапшырды.

Related posts

Назарбек Шералиев Камчы Көлбаевдин идеологиясын колдобой турганын айтты

admin

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун жана террордук топтун мүчөлөрүнүн куралдарынын жашыруун жайы аныкталды

admin

Баткенде күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

admin

Комментарий