УКМК төрагасы КМШ мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешине катышты

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-КР УКМК  төрагасы Камчыбек Ташиев 2025-жылдын 16 – майында Душанбе шаарында өткөн КМШга катышкан мамлекеттердин коопсуздук жана атайын кызмат органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин 56-отурумуна катышты.

Жыйындын алкагында катышуучулар регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу, Эл аралык терроризм, экстремизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын ортосунда кызматташууну жана ыкчам маалымат алмашууну бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл террористтик жана экстремисттик уюмдардан келип чыккан коркунучтарга каршы туруу маселелерине, анын ичинде айрым региондордо туруктуу эмес кырдаалдын сакталып турган фонуна бурулду.

КР УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жыйындын жүрүшүндө КМШ мамлекеттеринин атайын кызматтарынын өз ара аракеттешүүсүн күчөтүүгө, чалгындоо жана ыкчам маалымат алмашуунун натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле коопсуздук жаатындагы жаңы жана салттуу чакырыктарга биргелешип каршы турууга багытталган бир катар демилгелерди колдоорун билдирди.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын өз ара аракеттешүүсүн мындан ары өнүктүрүүгө багытталган макулдашылган чечимдер кабыл алынды, ошондой эле алдыдагы мезгилге карата биргелешкен иш-чаралардын планы бекитилди.

Кыргыз Республикасынын коопсуздук органдарынын жетекчилеринин кеңешинин ишине катышуусу өлкөнүн Жамааттык коопсуздук принциптерин жактагандыгын жана региондо тынчтыкты, туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында КМШ өлкөлөрү менен конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө умтулгандыгын баса белгилейт.

Related posts

Бишкектеги “Азиз” базарынын жетекчиси да соодагерлерге ижара акысын азайтканын айтты – ВИДЕО

admin

Шашылыш билдирүү! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот

admin

9-10-сентябрда тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

admin

Комментарий