УКМК: Таласта тигүү фабрикасын курууда анын наркы жасалма түрдө жогорулатылган   

Талас шаарынын мэриясынын жана облустук өнүктүрүү фондунун жооптуу кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызмат адамдар тарабынан тигүү фабрикасын куруу үчүн атайылап пайдасыз келишим түзүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы Байкоочу кеңеш шаарда тигүү фабрикасын куруунун долбоордук-сметалык документтери жана максатка ылайыктуулугу боюнча корутундулары жок, жалпы суммасы 82 млн сомдук долбоорду мыйзамсыз жактырып, долбоордун иш жүзүндөгү наркын жасалма түрдө жогорулатып бекитип бергендиги аныкталган. 

Анын бир бөлүгү 25 млн сом “Ника KG” ЖЧК курулуш уюмунун эсебине мөөнөтүнөн мурда которулуп берилгени аныкталды. Тигүү фабрикасын куруунун алгачкы этабында эле мамлекетке 7 млн сомдук зыян келтирилген.

Учурда кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Шамалдын кесепетинен унаага бак куласа ким жооп берет? Юристтин жообу

admin

УКМК Академиясын негиздеген Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирүү

admin

Ысык-Көлдө жаран үйүндө карышкыр багып келген

admin

Комментарий