УКМК: Таласта тигүү фабрикасын курууда анын наркы жасалма түрдө жогорулатылган   

Талас шаарынын мэриясынын жана облустук өнүктүрүү фондунун жооптуу кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызмат адамдар тарабынан тигүү фабрикасын куруу үчүн атайылап пайдасыз келишим түзүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы Байкоочу кеңеш шаарда тигүү фабрикасын куруунун долбоордук-сметалык документтери жана максатка ылайыктуулугу боюнча корутундулары жок, жалпы суммасы 82 млн сомдук долбоорду мыйзамсыз жактырып, долбоордун иш жүзүндөгү наркын жасалма түрдө жогорулатып бекитип бергендиги аныкталган. 

Анын бир бөлүгү 25 млн сом “Ника KG” ЖЧК курулуш уюмунун эсебине мөөнөтүнөн мурда которулуп берилгени аныкталды. Тигүү фабрикасын куруунун алгачкы этабында эле мамлекетке 7 млн сомдук зыян келтирилген.

Учурда кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Чүйдө 40 миң доллар талап кылууга шектелген блогер психиатриялык ооруканага жаткырылат

admin

Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатынан алтын утту

admin

Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүнө асфальт басылды

admin

Комментарий