УКМК тарабынан эл аралык героин каналы табылып, 175 кг,  600 млн. сомдук баңгизат алынды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

КР УКМК атайын операциянын жүрүшүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу Европа өлкөлөрүнө оор «героин» баңги каражаттарынын ири партияларын жеткирүү менен алектенген эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагында жалпы салмагы 174 кг 800 гр «героин» баңги каражаты табылып алынган. (Кыргыз Республикасынын аймагында баңги жүктүн дүң баасы 130 миллион сомдун тегерегинде, Европа өлкөлөрүндө баасы 600 миллион сомдун тегерегинде болушу мүмкүн).

Башка өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен биргеликте эл аралык баңги каналынын уюштуруучулары жана аткаруучулары кармалды.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Related posts

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга жөнөп кетти

admin

«Азыркы коомду маалыматсыз элестетүү кыйын». Садыр Жапаровдун басма сөз күнүнө карата куттуктоосу

admin

 Парламент социалдык фонддун бюджетин кабыл алды

admin

Комментарий