УКМК: «Тулпар»акционердик коому тарабынан автобекетти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

КР УКМК автобекетти «Тулпар»акционердик коому тарабынан мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады. Тактап айтканда, 2001-жылдын 15-январында Өзгөн шаарынын мэриясы тарабынан Өзгөн шаарына Автобекет куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Андан ары Өзгөн районунун райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан аталган участок «Тулпар» АКсына жерди туруктуу пайдалануу укугу менен жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн берилген.

Мында Өзгөн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары 21.07.2001-жылы туруктуу пайдалануудагы көрсөтүлгөн жер тилкесине  жеке менчик укугуна мамлекеттик актыны мыйзамсыз бергендиги такталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө «Тулпар» АКнын аталган акционерлери Өзгөн шаарынын автобакзалын мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын моюнга алып, өз ыктыяры менен 0.41 га болгон аталган обьектти Өзгөн шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берди.

Related posts

Бишкекте 50 миң АКШ доллар пара алып жаткан жеринен укук коргоочу кармалды

admin

2022-жылы Кумтөр кенинен 17 тонна 305 килограмм алтын өндүрүлдү 

admin

Маданият министрлиги «Азаттыктын» ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылды

admin

Комментарий