УКМК: УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын башчысы кармалды

УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын башчысы кармалды.

      Савай айыл аймагынын азыркы жетекчиси К.М.К., буга чейин Жаңы-Арык айыл аймагынын башчысы болуп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Жаңы-Арык айылынын аймагындагы жеке турак жай куруу жана коммерциялык багыттагы жер участокторун жасалма адамдарга мыйзамсыз жол-жоболоштурган.

       Мындан улам аталган жетекчи кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн анын пайдасына оң чечим чыгаруу максатында УКМК кызматкерине 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.

      Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. 

      Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

Баткенде 3 айыл аймактын жана 10 айылдын аталышы өзгөртүлдү

admin

Камчыбек Ташиев: Жалал-Абад облусунда үч судья кармалды

admin

Газпром Кыргызстан”: Бишкек жана Чүйдө калкка газ берүү токтотулбайт

admin

Комментарий