УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун жана террордук топтун мүчөлөрүнүн куралдарынын жашыруун жайы аныкталды

КР УКМК тарабынан Бишкек шаарынын четинде ок атуучу куралдын «жашыруун жайы» аныкталып, андан 1 Калашников автоматы (АКС-74), 5,45 калибрдеги 15 ок менен магазин, кара маска (балаклава) жана бычак табылган.
Ыкчам маалыматтар боюнча, табылган Калашников автоматы мурда кримтөбөл К.Көлбаевдин жакын чөйрөсүндөгү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык болгон, автоматты болжолдуу түрдө 2014-15-жылдары, т.а. 2015-жылдын июлунда КР УКМКнын атайын операциясынын жүрүшүндө жок кылынган террордук топтун мүчөлөрү да колдонушкан.
Алынган АКС-74 үлгүсүндөгү куралга жана ок-дарыларга мурда жасалган кылмыштарда колдонулган фактыларды аныктоо үчүн соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.

Related posts

Камчыбек Ташиев Түркиянын Чалгындоо уюмунун башчысы менен жолугушту

admin

12-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Бишкекте кыргыз тилинде окуткан класстардын саны көбөйөт 

admin

Комментарий