УКМК: Жалпы аянты 28 143,27 чарчы метр болгон Кант шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы (автостанция) мамлекеттин менчигине кайтарылды

 КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жалпы аянты 28143,27 чарчы метр  (курулуштары бар) Кант шаардык автостанциясы мамлекеттин балансына кайтарылды. 
   1996-жылы айрым үлүштүк катышуучулары бар "Каниет" ААКнын жетекчилиги Кант шаарындагы автостанцияны мыйзамсыз менчиктештиргени аныкталган, анда мамлекеттин үлүшү 39,25% түзгөн. Бирок, менчиктештирилген учурдан тартып "Каниет" ААКдан кандайдыр бир дивиденддер мамлекеттик бюджетке түшкөн эмес.
   Көрүлгөн чаралардын натыйжасында «Каниет» ААКсы өз ыктыяры менен Кант шаардык мэриясынын балансына сметалык баасы 800 млн 908 миң 388 сомду түзгөн жүргүнчүлөрдү ташуучу ишкананы (автостанция) өткөрүп берген.
   Учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген өндүрүштүк жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Related posts

Акжол Махмудов дүйнөнүн үч жолку чемпиону Роман Власов менен күрөшөт 

admin

Бишкекте автобус сүзүп кеткен аял көз жумду

admin

Күндүз жылуу жана күн ачык — 22-декабрга аба ырайы

admin

Комментарий