УКМКнын кызматкери ок атуу боюнча мелдеште байгелүү орунга ээ болду

2024-жылдын   22-февралынан 29-февралына чейин Казакстан Республикасынын Шымкент шаарында ок атуу боюнча «Алтын Мерген» эл аралык Гран-при мелдеши болуп өттү.

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бул мелдешке алты өлкөдөн: Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан 230 аткыч катышты. “Алтын мерген” атуу мелдештин жыйынтыгында 3-орунга КР УКМКнын 9-кызматынын кызматкери ээ болду.

Related posts

Президент айдоочуларга карата айып пулдардын жогорулашына байланыштуу комментарий берди 

admin

Жылдызкан Жолдошева: Ташиев 2010-жылдагы коогалаңды жөнгө сала алгандыгы үчүн татыктуу сыйланды

admin

Президенттин катышуусунда ачылган бала бакча жана мектептердин тизмеси

admin

Комментарий