Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 24-январындагы өкүмү менен Кубанычбек уулу Аскар Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинде каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти.
Биринчи май сотунан билдиришкендей, Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде ал 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл менен жаза өтөөдөн бошотулду.
Ал буга чейин 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийин Жогорку Сот өкүмдү жокко чыгарып, башынан кароого жөнөткөн.