Улуттук гвардияда ачык эшиктер күнү өттү

2025-жылдын 18–февралында КР КК Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүндө Бишкек шаарында жайгашкан жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары  жана студенттер үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.

Иш-чарага аскер кызматчылар, 500 дөн  ашуун мектеп окуучулары жана чакырылган коноктор катышты. 

Иш-чаранын  жүрүшүндө окуучулардын назарына, жоокерлердин ашканасына жана  казармасына болгон экскурсия уюштурулуп, аскердик техниканын жана курал-жарактын көргөзмөсү көргөзүлдү. 

Иш чаранын соңунда КР КК Улуттук гвардиясынын ардак карooл ротасы өзүнүн куралы менен көнүгүүлөрдү, атайын багыттагы  батальонунун өздүк курамы  кармап-урушуу ыкмаларын, ал эми аскердик оркестри өзүнүн атайын даярдалган дэфилесин  көрсөтүштү.

Related posts

12-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

ЦУМда жардыруучу зат бар экенин айтып, жалган билдирүү жасаган шектүү кармалды

admin

«Беларусь президентине ыраазычылык». Садыр Жапаров бүгүн Таласка тик учак менен барды (сүрөт)

admin

Комментарий