Улуттук онкология жана гематология борборуна жаңы директор дайындалды

Бүгүн, 3-декабрда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук онкология жана гематология борборунун жамаатына борбордун жаңы директору Букуев Нурбек Медетбековичти тааныштырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр борборду онкологиялык жана гематологиялык ооруларды дарылоого адистешкен өлкөдөгү негизги медициналык мекемелердин бири катары мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Министр жаңы директордун жетекчилиги астында борбордун позициясы бекемдеп, дарылоонун алдыңкы ыкмаларын киргизип, бейтаптарга жогорку деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүлөөрүнө ишеним билдирди.

Related posts

16-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Орус тили боюнча тест тапшырбаган мигранттардын балдары Орусияда мектепке кабыл алынбайт

admin

Нарында жаштар бир нече имамга унаа белек кылышты (сүрөт)

admin

Комментарий