«Урушуп кеттик». Бишкекте айдоочу унааны сүзүп, из жашырып кеткен

Кечээ, 15-октябрда соцтармактарга унааны сүзүп, айдоочуну жөөлөтүп качып кеткен айдоочунун видеосу тараган. Милициянын кайгуул кызматынан жол кырсык тууралуу маалымат беришти. Алардын маалыматы боюнча айдоочу кармалып, унаасы айып короого токтотулду.

Окуя 15-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Шота Рустовели менен Юрий Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 1996-жылы туулган айдоочу Соната үлгүсүндөгү унаасы менен жол кырсыгы болгон жерден белгисиз тарапка кетип калган.

Учурда окуя Милициянын кайгуул кызматында катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып териштирүү иштери башталды.

Related posts

Депутат Түлөбаев: «Зулушев туугандарына да карабай, өлкө үчүн жакшы иштеди»

admin

Йакын Инкар” уюмунун мүчөлөрү радикалдуу көз караштарынан баш тартты

admin

Күн жылуу болот. 23-октябрга карага аба ырайы

admin

Комментарий