Ушул айда кыргызстандыктар кайсы күндөрү эс алат?

Ушул айда кыргызстандыктар дем алыш күндөрүн кошпогондо 3 күн эс алышат. Тиешелүү чечимди Министрлер кабинети 2023-жылы декабрдын соңунда кабыл алган.

Тактап айтканда 8-мартта Аялдардын эл аралык күнү белгиленет. Буга байланыштуу 7-мартта иш убактысы кыскарат. 9-10-март — дем алыш.

21-мартта Нооруз майрамы белгиленет. Буга байланыштуу 22-март — жума күнү да эс алуу күнү болот. 23-24-март — дем алыш.

7-апрель — Революция күнү жекшембиге туш келгендиктен 8-апрель — дүйшөмбү эс алуу күнү болушу керек болчу. Бирок 22-марттагы иш күнү 8-апрелге — дүйшөмбүгө жылдырылды.

Related posts

Кемпир -Абад маселесин Ыргал Кадыралиева чечеби?

admin

Төрага Нурланбек Шакиев депутаттар жаңы кабыл алган желектин иллюстрациясы менен бөлүштү

admin

Москвада кыргызстандыкка эки жолу ок атып, 100 миң долларын тоноп кетишти

admin

Комментарий