Японияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны көбөйдү (видео)

Япониянын борбордук бөлүгүндөгү Ното жарым аралында жана ага жакын аймактарда болгон күчтүү жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 24 кишиге жеткенин Kyodo News+ билдирди.

Кучү 7,6 баллга жеткен жер титирөө Вадзима шаарында кеңири структуралык кыйроого жана өрткө алып келгени кабарланды. Жер титирөөлөр уланып жаткандыктан айрым аймактарда өрт дагы эле уланууда.

Өрт 200дөн ашык имаратты каптады. Премьер-министр Фумио Кишида маалымат жыйында: «Ното жарым аралынын түндүк аймактарына унаалардын кириши өтө кыйын болуп жатат», — деди.

Ал кошумчалагандай, борбордук өкмөт кемелер аркылуу гуманитардык жардам жеткирүүнү координациялап жатат. Куткаруу жана жардам көрсөтүү иштерине өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн 1000дей кызматкери катышууда. 

Related posts

Орусияда кыргызстандык жаран жеке ишкер менен анын кызын өлтүрүүгө шектелип жаткан. Сот чечим чыгарды

mediaportalk

Кыргызстандын бюджетинин тартыштыгы 35,4 млрд. сомго чыкты

mediaportalk

Марат Жуманалиевдин сөөгү бүгүн жерге берилери маалымдалды

mediaportalk

Комментарий