Ырайымсыз Рахмондун кезектеги чагымчылдыгынын себеби эмнеде?

Кызматын сактап калуунун айласын издеп, коңшуларына курал кезеген ниети кара Эмомали Рахмон кезектеги кутумдук ишин улантып, тынч жаткан Баткен жерине кайрадан бүлүк салып, ок атты. Тажик элинин диктатор падышасы анын бул кадамы өзүнүн бийлигин сактап калууга өбөлгө болот деп ойлоодо. Ошондой эле, төрүнөн көрү жакын калган Рахмон каалайбы-каалабайбы бир күнү үзөңгүдөн буту тайып, бийлигин өткөрүп берет. Муну билген канкор падыша кандай болсо да тизгинди башка колго карматпастын амалын издеп жатат. Эгер бийлик башка колго өтүп кете турган болсо, Эмомалинин кланынын күлү көккө сапырылып, укум-тукуму ит көрбөгөн кордукту көрөөрү турган иш. Ушундан улам ал өзүнүн баласына бийликти мурастап берүүгө тымызын аракеттерди көрүүдө. Ал бул оюн канчалык жаап жашырган менен, аныгында «капты тешкен шибегедей эле» оркоюп көрүнүп калды. Анын бул арам оюн 30 жылдан бери Эмомалинин кланынын, үй-бүлөсүнүн, күйөө балдарынын эзүүсүндө жашаган тажик эли беш колдой билишет. Себеби, ал бийлигин сактап калуу үчүн бөтөн эмес, өз элине курал колдонуп, кыргын салып, өзүнүн саясий оппоненттерин жок кылганын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы окуя далилдеп турат. Буга кошумча, кыргыз бийлиги Эмомалинин үй-бүлөсүнүн негизги киреше булагын түзүп, миллиондогон доллар акча алып келген наркобизнести токтотуп койгон. Буга ичи чыкпаган Эмомали ич күптүсүн, ызасын, кегин алуу үчүн ушундай мыкаачылык кадамдарга барууда. Кече интернетте тараган маалыматтарда тажик өлкөсүнүн күч түзүмдөрү кадимкидей согушка даярданып, чек арага оор артиллериялык куралдарын, тик учактарын, миңдеген аскерлерин жыйнаганын көрдүк. Демек алар тынч жаткан кыргыз элине кыргын салып, согуш отун тутантууга биринчилерден болуп кадам таштады. Дүйнө эли, эл аралык уюмдар Эмомалинин бул баскынчылык кадамына каршы туруп, диктатордук тизгинин тартпаса бул канкор бийлик үчүн кылымдар бою коңшу турган эки элдин ортосуна от жагып, кан төгүүгө алып баратат.

Related posts

Кар жаайт. 16-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

“Спутник” маалымат агенттиги Баткендеги курулуш туурасында жалган маалымат таратканы үчүн кечирим сурады

admin

КР УКМК: Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директорунун орун басары К.Р.А. жана бөлүм башчысы У.Т.У. кармалды

admin

Комментарий