Ырчы, актриса Махабат Турдакунова:  “Чыгармачылыгым – жашоомдун маңызы, негизги өзөгү”

Ысык-Ата районунун Кант шаарында 17-апрель күнү “Ынтымак” адабий музыкалык чыгармачылык бирикмесинин мүчөсү, ырчы, актриса, куудул Махабат Турдакунова Сопуахуновна жана юрист, котормочу, акын, журналист Марс Мусакунов Капаровичтердин чыгармачылыгына арналган “Бири акын, бири ырчы – эл тараза, эл сынчы” аттуу адабий музыкалуу кече болуп өттү.

Кече “Ынтымак” адабий музыкалык чыгармачылык бирикмеси, жетекчиси, коомдук ишмер, журналист Бүбүажар Жусубакунова тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулуп, ага “КР эл акыны” Тазагүл Закирова, белгилүү обончу, композитор Мамарасул Мавлянов, белгилүү дастанчы, обончу, ырчы Айтбүбү Атамкулова, Кант шаарынын мектеп окуучулары жана поэзия, ыр күйөрмандары катышты.

Адабий музыкалуу кеченин каарманы, ырчы, куудул, актриса  Махабат Турдакунова Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы актердук чеберчилик курсун ийгиликтүү аяктаган. Ал чыгармачылыкта, башкача айтканда сахнада, өнөр ааламында 40 жылга жакын убакыттан бери эмгектенип келе жатат.

Эмгек жолунда Махабат Турдакунова 1980–1994-жылдары алыскы Лейлек районундагы райондук маданият үйүндө иштеп, мамлекеттин идеологиясын жайылтууга, элибиздин музыкалык  табитинин калыптануусуна жана элдик көркөм чыгармачылыктын эл арасына кеңири таанылуусуна, улуттар аралык ынтымакты чыгармачылык аркылуу бекемдөөгө өзүнүн чоң салымын кошуп, үзүрлүү эмгектенген. Махабат Турдакунова элдик ырлардан баштап, өзбек, тажик, орус тилдеринде да ырларды зор чеберчилик менен аткарып, өз күйөрмандарын таап, калың элдин эсинде калган.

Махабат Турдакунова андан кийинки эмгек жолун Чүй боорундагы Кант шаарында улантып, “Шам” чыгармачылык тобунда, акыркы жылдары “Ынтымак” адабий музыкалык чыгармачылык бирикмесинин активдүү мүчөсү катары эмгектенип келе жатат.

Ырчы, куудул, актриса Махабат Турдакунова “Бири акын, бири ырчы – эл тараза, эл сынчы” аттуу адабий музыкалуу кечеде элдик жана патриоттук ырлардан, Жумамүдүн Шералиевдин, өзбек элинин ырларынан жана “Актан менен Акылайдын” жоруктарынан сахналаштырып аткарып, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Турдакунова тубаса талант жана эмгекчил чыгармачыл инсан экенин, чыгармачылык, ырчылык анын “жашоосунун өзөгү” экенин өз күйөрмандарына дагы бир жолу далилдей алды.

Махабат Турдакунова маданиятты өнүктүрүүдөгү эмгектери жана коомдук иштерге активдүүлүгү үчүн бир нече жолу “Ардак Грамота”, “Диплом”, “Ыраазычылык кат”, “Биздин таланттар”, “Жылдын мыкты ырчысы”, “Мактоо баракчасы”, “Жылдын мыкты өнөр адамы” наамдары жана “Ак элечек даткайым” медалы менен сыйланган. Ошондой Жумамүдүн Шералиевдин ырларын мыкты аткаргандыгы үчүн атайын “Төш белги” медалы, “Сахна ажары”, “Сахна жылдызы” сыйлыктары менен сыйланган.

Махабат Турдакунованын чыгармачылык кечесин  “Сезим апалар” жана “Жоогазын” топтору коштоду.

Ошондой эле адабий музыкалуу кеченин дагы бир каарманы юрист, котормочу, акын, журналист Марс Мусакуновдун калемине таандык ырларын автор өзү, мектеп окуучулары көркөм окуду жана обондуу ырлары аткарылды. Марс Мусакуновдун чыгармачылык кечесин алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөгү кесиптештеринин аралыктан туруп куттуктоосу да өзгөчө болду.

“Бири акын, бири ырчы – эл тараза, эл сынчы” аттуу адабий музыкалуу кечесинин уюштурган “Ынтымак” адабий музыкалык чыгармачылык бирикмесинин жетекчиси, коомдук ишмер, журналист Бүбүажар Жусубакуновага терең ыраазычылык билдиребиз! “Ынтымак” адабий музыкалык чыгармачылык бирикмеси мындан ары да чыгармачыл инсандарды эл алдына алып чыгып, өнөрлөрүн даңазалай берсин! Иштерине ийгиликтерди каалайбыз! – дейт ырчы, актриса, куудул Махабат Турдакунова.

Айпери Эрмек кызы, журналист. Бишке–Кант–Бишкек. 17-апрель, 2026-жыл.

Related posts

A $1495 Flamingo Dress: The Pink Bird Is Dominating Fashion

admin

Президент «Жалал-Абад» май иштетүүчү заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты

admin

39 жаштагы Асел Кененбаева министрдин орун басары болду

admin

Комментарий