Ысык-Атада жеңил унаа поезддин алдына кирип кеткен. 3 адам жаракат алды

Чүй ОИИБден Ысык-Атадагы темир жолдо болгон кырсык тууралуу маалымат беришти.

Маалыматка караганда, кырсык 13-ноябрда саат 15:30 чамасында Жээк менен Дмитревка айылдарынын ортосунда катталган. ВАЗ 21150 үлгүсүндөгү унаанын 1984-жылы туулган айдоочусу поезддин алдына кирип кеткен. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган. Кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркаган. Алар жеңил унаанын айдоочусу жана 2 жүргүнчү.

Жергиликтүү ЖМКлар жеңил унаада ата менен бала болгонун, алардын абалы оор экенин жазышты. Териштирүү уланып жатат.

Related posts

Тик учак кырсыгынан каза болгон жигиттин апасы: «Уулум «колун сурадым, быйыл үйлөнөм» деген»

admin

Кара-Көлдүн 22 жаштагы тургуну 18-майдан бери дайынсыз болуп жатат

admin

АКШ Владимир Путин менен Ким Чен Ынга санкция тууралуу эскертти

admin

Комментарий